Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушу Ош-Бишкек жолуна альтернатива катары 2014-жылы башталып, өткөн жылдын декабрь айынын соңунда аяктаган. Долбоор Кыргыз жолтранс долборлоо жана изилдѳѳ институту тарабынан даярдалган. Жалпысынан бул стратегиялык долбоорду ишке ашырууга 887 млн доллар каралган. Долбоор “Эксимбанк”, Азия өнүктүрүү банкы жана “Ислам өнүктүрүү банкы” тарабынан каржыланды. Ири курулушту кытайлык China Road and Bridge компаниясы ишке ашырды.

Жолдун артыкчылыгы эмнеде?
Аталган жол Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман — Жалал-Абад менен өтөт. Жол ачылса жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга ыңгайлуу шарт түзүлүп, жолго кеткен убакыт кыйла кыскарат. Жүргүнчүлөр орто эсеп менен Жалал-Абад облусунан Балыкчы шаарына чейин 6 саатта жете алат. Бүгүнкү күндө Бишкек - Ош унаа жолу аркылуу Жалал-Абад облусунан Балыкчы шаарына он сааттан ашык убакыт кетет.

Оштон Нарынга же Ысык-Көлгө келген жүргүнчүлөр учурда Бишкек шаарын айланып өтүп жатса же болбосо Суусамырдагы Кожомкул айылындагы шагыл жол менен айдоого мажбур болуп келишсе, эми жаңы жолдун ачылышы менен 4-5 саат убакытын үнөмдөйт.
Ошондой эле жол өлкөнүн кооз жаратылыш көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мисалы, Жумгалдан өткөндөн кийин Өрнөк айылындагы каньондорду, Нарын дарыясы менен Көкөмерен суусунун кошулган жери, Тогуз-Торо районундагы Саймалуу-Таш коругун көрүүгө болот. Бул жерлердин кооздугун сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСи курулса, түндүктөн дагы, түштүктөн дагы ГЭСке жетүү жеңил болору айтылууда.
Экономиканын өнүгүшүнө жол ачылат
Өлкөнүн ички соода жүгүртүүсү жакшырат. Себеби, түндүк-түштүк альтернативдик жолу 11,5 тоннага ылайыкташтырылып курулду. Бул оор жүк ташуучу унаалардын көбүрөөк салмактагы жүктөрдү ташуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү дегенди билдирет. Ошондой эле аталган жолдогу ашуулар жапызыраак жана жол бир кыйла кенен.

Жол курулушу боюнча адис Талант Садакбаев түндүк-түштүк альтернативдик жолу экономикалык жактан маанилүү жолдордун катарын толуктай турганын айтат.

“Түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолу Бишкек – Ош унаа жолунан тышкары эң керек жолдун бири болуп калды. Тоолорду аралаган жолго эстакадалык көпүрөлөр, туннелдер курулду. Бул жол түндүк түштүктү байланыштырып, элди жакындатууда салымы чоң болот. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу курулуп бүтсө, аталган жолдун экономикалык жактан да мааниси жогору. Ошол эле маалда туризмдин өнүгүшүнө бир топ эле түрткү берет. Ысык-Көл облусуна келе турган эс алуучулардын саны артат. Анткени жолго кеткен убакыт кыйла эле кыскарат. Коңшу Кытайга кыргыз продукцияларын экспорттоого да өбөлгө түзөт деп айтсак болот”, - деп белгиледи Талант Садакбаев.

Түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолунун долбоорун кайра карап чыккандан кийин кээ бир тилкелерде жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн үч эстакадалык көпүрө жана эки кар көчкүдөн сактоочу галерея салынмай болду. Буга чейин “Кабар” агенттигине берген маегинде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Асылбек Чойбеков билдиргендей, жолдун кээ бир тилкелеринде жүргүнчүлөргө кооптуулук жаралат деп эсептелгендиктен тоонун этеги кар көчкүдөн сактоо максатында Боом капчыгайындагыдай дубалдар же башка ыкмалар менен бекемделет.

“Мониторингдин жыйынтыгына жараша эми кошумча курулмалар курулат. Тоонун этеги торлор, таш дубалдары менен бекемделет. Муну менен коопсуздук маселеси алдын алынат”, - деген ал.