Учак автоунаа менен жол жүргөнгө караганда жүргүнчүлөрдүн кыйла эле убакытын үнөмдөйт. Бул аба транспортунун бирден-бир артыкчылыгы. Деген менен союз тарагандан бери Кыргызстандагы аэропорттор начар абалга кептелип, жаңылоого муктаж болуп келген. Президент Садыр Жапаров “Кыргызстан аэропорттору” компаниясына аэропортторду жандандыруу тапшырмасын койгон. Бүгүнкү күндө "Кыргызстан аэропортторуна" өлкө аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” аэропорттору эл аралык, ал эми алтоо – “Жалал-Абад”, “Исфана”, “Кербен”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аэропорттору аймактык макамга ээ. Аталган аэропорттор четинен жаңыланып, үзгүлтүксүз каттамдарды аткарууда. Бул ирет Нарын облусундагы “Нарын” жана Жалал-Абад облусундагы “Казарман” аэропорттору оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди. Эми алыскы тоолуу райондордо жашаган тургундардын кыялы орундалып, ыңгайлуу учак менен башка аймактарга каттоосуна шарт түзүлдү.

95 жылдык тарыхы бар “Нарын” аэропорту ишин жандантты
Теңир-Тоодогу аэропорт союз тарагандан кийин активдүүлүгү төмөндөп, модернизацияга муктаж болуп калган. Артта кылчайсак, "Нарын" аэропортунун тарыхы тээ 1930-жылдары Салкын-Төр айылында биринчи конуу талаасы пайда болгон мезгилге барып такалат. Заманбап аэробекет имараты 1964-жылы, ал эми учуп-конуу тилкеси жана перрон 1974-жылы курулган.
“Нарын” аэропортун жандандыруу Кыргызстандын аймактык авиациясын өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиясынын бир бөлүгү. Аэропорттун калыбына келтирилиши жергиликтүү туризмди жана экономиканы өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам. Башка региондор менен түз аба байланышты камсыз кылуу аркылуу өлкөнүн транспорт системасынын олуттуу бөлүгүнө айланары күтүлүүдө. Аэропорттун ишин калыбына келтирилиши ички туризмди, экономикалык байланыштарды чыңдоо жана инвестицияларды тартуу үчүн жаңы дем берет деп айтылууда.
Оңдоп-түзөөдөн өткөн “Нарын” аэропортуна Asman Airlines авиакомпаниясы узап кеткен аптада Бишкек-Нарын багытында алгачкы ирет жүргүнчүлөрдү ташыды. Эми Бишкектен Нарынга болгону 40 мүнөттө ыкчам жана ыңгайлуу каттам менен жете аласыз. Билет баасы 2100 сомдон башталат. Билеттерди asmanairlines.kg расмий сайтынан же Asman Airlines мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алсаңыз болот.

Тогуз-Тородон эми аймактарга учак менен жетүүгө шарт түзүлдү
“Казарман” аэропортунун тарыхы 1940-жылдары айылдын четинде биринчи конуу тилкеси пайда болгондон башталат. Анда аэропорт жергиликтүү тургундарды жана “Макмалалтын” комбинатында иштегендерди ташыган транспорттук түйүнгө айланган.
1985-жылы аэропорттун заманбап терминалы жана учуу тилкеси курулган. Ар кайсы жылдары бул аймактан Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына каттамдар аткарылып келген.
"Казарман" аэропортунун инфраструктурасы жаңыланып, узундугу 1840 метрге жеткен учуп-конуу тилкеси, буруучу жолчосу, унаа токтотуучу жайлары жана аэробекети ондолду.

Asman Airlines авиакомпаниясы Бишкектен Казарманга 12-августта биринчи техникалык учуусун аткарган. Бүгүндөн тарта жаңыланган "Казарман" аэропорту расмий түрдө ишин жандантып, борбор калаадан Казарманга алгачкы жүргүнчү каттамын жасады.
Аэропорт деңиз деңгээлинен 1200 метрден ашык бийиктикте жайгашкан. Анын 1840 метрлик учуу-конуу тилкеси 22 тоннага чейинки салмактагы учактарды кабыл алууга жөндөмдүү, буларга Dash Q400 сыяктуу заманбап учактар, ошондой эле Ан-2, Ан-26, Як-40 жана бардык типтеги тик учактар кирет.
Бүгүндөн тарта аэропорттон үзгүлтүксүз каттамдар аткарылып, облустун тургундары жана Кыргызстандын коноктору үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлмөкчү.
“Кыргызстандын аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдиргендей, мындан ары "Нарын" жана "Казарман" аэропорттору жумасына эки жолу каттам кабыл алууга даяр.

"Президент тарабынан өлкөдөгү аэропортторду жандандырып, ишке киргизүү тапшырмасы берилген. Ошол долбоорлордун ичине кирген аймактык “Нарын” жана “Казарман” аэропортторун бүгүн расмий ачып жатабыз. “Нарын” аэропортуна жумасына бир жолу, “Казарман” аэропортуна да жумасына бир жолу каттам аткарылат. Бирок суроо-талапка жараша биз жумасына каттамдарды эки жолу аткарганга даярбыз. “Нарын” аэропортунун аэробекетинин жалпы аянты 500 чарчы метрди түзөт. Анда азыркы талапка жооп бере турган тиешелүү шарттар түзүлдү. Ал эми “Казарман” аэропортунун аэробекети реконструкцияланып, ичине жаңы жабдуулар коюлду. Эки аэропорттун тең учуп-конуу тилкелери жаңыланды”, - деди ал.
“Нарын” жана “Казарман” аэропортторунун ишке киргизилиши менен Кыргызстандын бардык аэропорттору жандандырылып, иштей баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда Нарын шаарында эки аэропорттун ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып билдирди.

Өлкө башчысы “Талас” аэропорту өткөн жылдын май айында ишке берилсе, “Каракол” эл аралык аэропорту өткөн жылдын соңунда ачылганын эске салды. “Ош” жана “Тамчы” аэропортторунда жүргүнчүлөр терминалдары курулууда, “Манас” аэропортунда учуп-конуу тилкеси жаңыланып, аэровокзал кеңейтилүүдө. Ошондой эле быйыл Кыргызстандын авиация тармагында дагы бир жаңы барак ачылды: эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу “Жалал-Абад” эл аралык жаңы аэропортунун курулушу башталды.

Аэропорттордун тейлөө жөндөмдүүлүгү саатына 100 жүргүнчүгө чейин көбөйдү
Аэробекеттер жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн жаңы жабдуулар менен камсыз болду. Мындан сырткары, аэродромду эксплуатациялык абалда кармап туруу үчүн атайын техникалар сатылып алынды. Эки аэропорттогу аткарылган иштердин баары “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынын өздүк каражатынын эсебинен жүргүзүлдү. Компания жогоруда айтылган ири масштабдагы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга жалпы 8 млрд 175 млн сом каражат бөлдү. Жүргүнчүлөрдү тейлөө инфратүзүмүн жакшыртуу максатында атайын техникалар жана жабдуулар жалпы суммасы 3 млрд 356 млн сомго алынды.

Эмки жылы Кыргызстан дагы эки учак сатып алат
“Кыргызстан аэропорттору” ААК өз каражаттарынын эсебинен өлкөнүн авиация паркын жаңы аба кемелери менен толуктап, “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы үчүн Bombardier DASH 8 Q400 үлгүсүндөгү үч аба кемесин сатып алууга жалпы суммасы 2 млрд 385 млн сом бөлгөн. Келерки жылга дагы бир Bombardier DASH 8 Q400 үлгүсүндөгү учакты, ал эми эл аралык каттамдарды аткаруу үчүн Boeing же Airbus сымал чоң учактарды сатып алуу пландалган. Мындай учактардын ишке кириши менен ички каттамдардын туруктуулугу жана жеткиликтүүлүгү бекемделип, эл аралык каттамдардын саны кескин көбөйөт. Bombardier DASH 8 Q400 учагы менен Бишкек-Нарын-Бишкек жана Бишкек-Казарман-Бишкек каттамын үзгүлтүксүз жүргүзүү мерчемделүүдө.
“Жогоруда тизмектелген иштердин бирден-бир максаты — ар бир жарандын бейпил жашоосуна, өсүп-өнүгүүсүнө жана алдыга жылуусуна шарт түзүү. Мындай максаттарыбызды иш жүзүнө ашыруу менен жарандар үчүн ыңгайлуу, туристтер үчүн жагымдуу, өнөктөштөр үчүн ачык өлкөнү - жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратканыбызды далилдейбиз”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы Кыргызстанды Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча иштер акыркы этапка келгенин айтты. Алдыда, 7-октябрда биздин Жарандык авиация агенттигинин делегациясы Брюсселде Еврокомиссия менен маанилүү жолугушуу өткөрөт. Андан кийин акыркы аудит 2025-жылдын декабрында болот. Эске салсак, 2006-жылдан бери Европа асманы Кыргызстан үчүн жабык турат.

Ошондой эле Садыр Жапаров 20-августта Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын Нарын облусунан өтө турган жаңы аба жолу боюнча келишимге кол коюлганын кошумчалады. 30-октябрда бул аба трассасы иштей баштайт. Натыйжада Кашкардан Борбор Азиянын бардык аэропортторуна чейинки аралык эки эсеге кыскарат. Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүгү кеңейет жана өлкө стратегиялык көпүрөгө айланат. Бүгүнкү күндө Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышы менен бул коридордун мааниси мындан да жогорулайт деп эсептелүүдө.