Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын автотранспорт каражаттарынын ээлери үчүн Экономика министрлиги түшүндүрмө берди.
Анткени социалдык тармактарда жана жарнамалык пабликтерде легалдаштырылган транспорт каражаттарын ишеним кат аркылуу кайра каттоо мүмкүндүгү жөнүндө так эмес маалыматтар таралууда.
Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, министрлер кабинети 2025-жылдын 21-июлунда транспорт каражаттарын каттоо боюнча чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизген токтом кабыл алган.
Ага ылайык, убактылуу тартипте легалдаштырылган автотранспорт каражаттарынын ээлери төмөнкүлөрдү чектөөлөрдү эске алуусу керек:
- ээликтен ажыратууга (сатып алуу-сатуу, алмашуу, белекке берүү, мураска калтырууга) жатпайт;
- Кыргызстандан тышка чыгарууга мүмкүн эмес;
- үчүнчү жактарга ишеним кат аркылуу башкаруу укугун өткөрүүгө болбойт.
Бул чектөөлөр электрондук базага киргизилип, ар кандай каттоо иштеринде текшерилет. Жогорудагы эрежелерди бузууга багытталган аракеттер мыйзамсыз болуп эсептелет.