Алымбек датканын мааракесине Өзбекстандан расмий делегация келди

Аймак 12 Сентябрь 2025 11:15
547230941_122184379160368081_3568093067445322348_n.jpg
546629075_122184379088368081_4328999228579253025_n.jpg
547486178_122184379076368081_7200958097104241_n.jpg
548049046_122184379136368081_4176462337076252307_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Алымбек датканын мааракесине Өзбекстандан расмий делегация келди.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүн, 12-сентябрда Өзбекстандын Андижан жана Фергана облустарынын расмий делегациялары Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесине катышуу үчүн келишти.

Өзбекстандык меймандарды мамлекеттик “Достук” чек ара өткөрмө пунктунан расмий түрдө тосуп алуу аземи уюштурулуп, делегация мүчөлөрүнө кыргыз элинин меймандостук салтына ылайык сый көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, өзбек делегациясы президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаевдин расмий чакыруусунун алкагында келишти.