Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине даярдык толугу менен аяктады. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын, 11–12-сентябрь күндөрү Ош облусунун Алай районунда даңазалуу Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси белгиленет. Учурда мааракеге даярдыктар соңуна чыгып калды жана иш-чараларды өткөрүүгө бардык шарттар түзүлдү.
Алай райондук борбордук стадиондо театрлаштырылган көрсөтүүлөр жана гала-концерт өткөрүүгө даярдыктар кызуу жүрүүдө. Бул үчүн сахна жана ЛЭД-экрандар толугу менен даярдалды.
Мындан тышкары, Калама жайлоосунда 160 боз үй тигилип бүтүп калды.
"Улуттук оюндарды жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө бардык шарттар каралып, даярдыктар толук аяктоо алдында турат",-деп айтылат маалыматта.