Алымбек датканын 225 жылдыгы: Коомдук коопсуздукту 2 миңден ашык милиционер камсыздоодо

Аймак Загрузка... 12 Сентябрь 2025 11:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош ОИИБ

Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Бүгүн Алай районунда Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Ош облустук милициясынан билдиришкендей, салтанатка чет өлкөлөрдөн келген коноктор, ошондой эле Кыргызстандын бардык аймактарынан меймандар жана жергиликтүү тургундар катышууда.

Майрамдык иш-чаралар тынч жана коопсуз өтүшү үчүн Ош облустук ички иштер башкармалыгы жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан алдын алуу жана коомдук тартипти сактоо чаралары көрүлдү. Жол кыймылынын жана коомдук коопсуздуктун сакталышын камсыз кылуу максатында 2000ден ашуун милиция кызматкери тартылып, иш-чара өтүп жаткан аймактарда жана жолдордо күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүүдө.

"Ош ОИИБи жарандарды коомдук тартипти сактоого активдүү катышууга, милиция кызматкерлери менен кызматташууга, мыйзамдарды сактоого жана иш-чара учурундагы тазалыкка көңүл бурууга чакырууда",-деп айтылат маалыматта.