Алымбек датканын 225 жылдыгы. Алайда кыргыз-казак айтышы өтөт

Маданият Загрузка... 08 Сентябрь 2025 09:30
WhatsApp Image 2025-09-08 at 09.26.13.jpeg
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты – улут азаттыгы үчүн кызмат өтөгөн улуу инсандын өмүр жолун жана өрнөктүү иштерин даңазалоо, коомго үлгү тутуу менен бирге кыргыз элинин байыркы төкмөлүк өнөрүн жайылтуу жана өнүктүрүү, коомчулукту ыйман-ызаатка, нарк-насилге үндөө.

Тандоо туру - 2025-жылдын 11-сентябрында, саат 09:00до Алай райондук маданият үйү.

Финалдык айтыш - 2025-жылдын 12-сентябрында, Алай районундагы Алымбек датканын жайлоосунда.

Байге фонду- 6 000 000 сом.

Байланыш: 0709 21 07 33.