Алыкул Осмоновдун венгер тилиндеги ырлар жыйнагы жарык көрдү

Маданият Загрузка... 15 Январь 2026 17:55
b9d9f3c2-c376-3a12-a906-7484eb3aa345.jpeg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Венгриядагы элчигинде КР эл акыны Алыкул Осмоновдун венгер тилине которулган ырлар жыйнагынын бет ачары өттү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чара акындын туулган күнүнүн 110 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында уюштурулган.

53c7e9a2-1200-3d39-81fe-31fd2d56d54b

Бул адабий долбоор белгилүү венгер түркологу Шомфаи Кара Давид тарабынан Кыргызстандын элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылды. Демилге кыргыз классикалык поэзиясын жайылтууга, ошондой эле Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого багытталган.

Котормолор Алыкул Осмоновдун философиялык ой толгоолорунун тереңдигин, гуманисттик баалуулуктарын жана кыргыз элинин улуттук колоритин чагылдырган эң маанилүү чыгармаларын камтыйт.