“Алыкул Осмоновдун поэзия дүйнөсү” аттуу эл аралык форум өтүүдө

Коом Загрузка... 13 Май 2025 15:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Түрк маданияты жана мурасы фонду

Бишкек, 13.05.2025. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган “Алыкул Осмоновдун поэзия дүйнөсү” аттуу эл аралык форум өтүүдө. Бул тууралуу Түрк маданияты жана мурасы фондунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган бул форум акындын чыгармачылыгын илимий-академиялык деңгээлде даңазалоо жана изилдөө максатында уюштурулган. Форумга Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова катышты.

Актоты Райымкулова форумдун ачылышында Алыкул Осмоновдун поэтикалык мурасынын бүтүндөй түрк цивилизациясы үчүн маанисин баса белгилеп, фонд 2024-жылы Алыкул Осмоновдун Бишкектеги үй-музейин калыбына келтирүү жана музейлештирүү долбоорун ийгиликтүү ишке ашырганын билдирди.

Мындан тышкары, күн мурун Алыкул Осмонов атындагы үй-музейинде жайгашкан бюстун алдына салтанаттуу гүл коюу аземи болуп өттү.

Салтанатка Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова, КР мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, ошондой эле башка коноктор катышты.