Алтынга суроо-талап күчөдү: "Кыргызалтында" узун кезек жаралды

Экономика 28 Январь 2026 12:54
WhatsApp Image 2026-01-28 at 12.39.34.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-28 at 12.39.33 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-28 at 12.39.33.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-01-28 at 12.39.34.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-28 at 12.39.33 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-28 at 12.39.33.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon "Кыргызалтын" ААК

Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Алтын куймаларына суроо-талап өсүп, "Кыргызалтын" ААКка алтын куймаларын сатып алууга келгендердин узун кезеги пайда болду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

"Кыргызалтын" 1, 5 жана 10 граммдан жогору алтын куймаларын сатыкка койгон.

"Азыр эл арасында бири-бирине алтын белек кылуу модага айланып бара жатат. Ал тургай тойлорго кошумча дагы алтын менен бериле баштады. Себеби, алтындын баасы күн сайын өсүп жатат. Сатып алып сактап койсо дагы болот. Ошол себептүү, алтын сатып алууну каалагандардын кезеги жаралууда", - деп айтылат маалыматта.

Ишканадан белгилешкендей, бир кезде ушул алтындар казылган бойдон эле сыртка чыгып кетчү. Кумтөрдөн 410 тоннадан ашык алтын чыгып кеткен.