Бишкек, 16.10.25 /Кабар/. Алтындын биржалык баасы тарыхый рекорддорду экинчи күнү катары менен жаңылап жатат. Бейшемби күнү таңга маал бир трой унциясы 4 250 доллардан ашкан.
Соода маалыматтарына караганда, ошондой эле күмүштүн да баасы максималдуу деңгээлге жетти,
Москва убактысы боюнча 7:28де Нью-Йорктогу Comex биржасында алтындын декабрь айы боюнча фьючерси мурункуга салыштырмалуу 1,19% — 49,96 долларга жогорулап, унциясы 4 251,56 долларга жеткен. Мурунку сааттарда баа рекорддук 4 254,8 долларга жеткен.
Ошол эле мезгилде күмүштүн декабрь айы боюнча фьючерси 2,01% кымбаттап, унциясы 52,41 долларга жеткен. Азыркы сааттарда анын баасы рекорддук 52,865 долларга чейин чыккан.