Алтындын биржадагы баасы тарыхта эң жогорку чекке жетти

Экономика Загрузка... 23 Сентябрь 2025 15:45
370842-large-webp_V.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Алтындын биржалык баасы дүйшөмбү күнү биринчи жолу тарыхта унциясы үчүн 3 800 доллар чегинен ашты.

Маалыматка ылайык, Москва убактысы боюнча саат 11:39да Нью-Йорктагы Comex биржасында декабрь айына карата алтын фьючерси мурунку жабылыш баасына салыштырмалуу 25,7 долларга же 0,68% га өсүп, трой унциясы үчүн 3 800,8 долларга жетти.

Бул көрсөткүч тарыхта биринчи жолу трой унциясы үчүн 3 800 доллар чегинен ашкан учур.

Ошол эле маалда декабрь айына карата күмүш фьючерси 0,32% кымбаттап, унциясы 44,355 долларга жетти.