Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы өсүүнү улантып, шейшемби күнү таңга маал жаңы тарыхый чекти жаңылап, бир унция үчүн 4000 доллардан ашты. Бул тууралуу Нью-Йорктогу Comex биржасындагы соода маалыматтары кабарлайт.
Москва убактысы боюнча саат 7:27де декабрь айындагы алтын фьючерсинин баасы 19,75 $га же 0,5%га өсүп, 3996,5 $ды түздү. Соода жүрүшүндө баа 4000,05 долларга чейин көтөрүлүп, бул биржа тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болду.
Ошол эле маалда декабрь айындагы күмүш фьючерси 0,22%га төмөндөп, унциясы 48,34 $болду.
Баанын өсүшүнө эмне себеп болду?
Эксперттер алтындын кымбатташын АКШнын Федералдык резерв системасы тарабынан акча-кредит саясатын жумшартууга болгон күтүүлөр менен байланыштырышууда. Эгерде пайыздык чен төмөндөтүлсө, бул доллардын арзандашына алып келет, ал эми доллардын алсыздыгы баалуу металлдар рыногуна, айрыкча алтынга, оң таасир этет.
«Октябрь жана декабрь айларында пайыздык ченди төмөндөтүү ыктымалдыгы 80%дан жогору бойдон калууда. Бул алтындын баасын өстүрүп жатат», — деп билдирген OANDA компаниясынын улук аналитиги Кельвин Вонг (Kelvin Wong), Reuters агенттигине.
Мындан тышкары, эксперттер алтындын кымбатташына АКШдагы мамлекеттик мекемелердин убактылуу ишин токтотуусу (шатдаун) дагы себеп болуп жатканын белгилешет.
АКШда 1-октябрдан тарта жаңы финансылык жыл башталды, бирок Конгресс ушул күнгө чейин федералдык бюджетти беките элек. Натыйжада, Конгресс тарабынан түз каржылануучу бир катар мамлекеттик мекемелер убактылуу ишин токтотту. Мындай шартта рынокто белгисиздик күчөп, инвесторлор өз капиталын коопсуз активдерге, биринчи кезекте алтынга которо башташат.