«Алтын-Ордо» конушунда чарба субъекттер алынууда

Коом 27 август 2025 19:19
b2459144-88a0-4d25-9d0f-6788b45427de.jpeg
9b77e831-1d85-4476-8cd8-9ba4f9a0b607.jpeg
e6bea82c-3ad3-4f23-b62f-4d14f6ad1ee4.jpeg
Алдыга
Артка
b2459144-88a0-4d25-9d0f-6788b45427de.jpeg
9b77e831-1d85-4476-8cd8-9ba4f9a0b607.jpeg
e6bea82c-3ad3-4f23-b62f-4d14f6ad1ee4.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясы

Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Чоң Чүй каналынын чыгыш жана түштүк жээктериндеги суу коргоо зоналарын тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Октябрь райондук администрациясынын демилгеси менен "Алтын-Ордо"конушунун түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү Чоң Чүй каналынын жээгинде жайгашкан мыйзамсыз чарба субъектилери демонтаждалууда.

Чарбалык субъектилердин ээлерине алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бул аймакта жалпысынан 21 чарба субъект жайгашкан.

“Октябрь райондук администрациясы 2 чарба субъектти алды, калган 19 чарба субъект ээлери тарабынан алынды жана тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Учурда жээкти тазалоо жана бошотуу иштери уланууда”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган иш-чаралар министрлер кабинетинин 2025-жылдын 18-февралындагы №79 токтомунун негизинде жүзөгө ашырылат.