Алтын күз. Кыргызстанда түшүм жыйноо кандай жүрүүдө?

Экономика Загрузка... 17 Сентябрь 2025 15:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Күздүк түшүм жыйноонун алгачкы жыйынтыктары чыгууда: дан эгиндеринин 70 пайыздан ашыгы жыйналды, жалпы түшүм 1,25 млн тоннадан ашты. Ошол эле учурда жашылча-жемиш жана картошка өндүрүү көбөйүүдө, ал эми дыйкандар мамлекеттен олуттуу колдоо — жеңилдетилген насыялардан баштап, лизингге айыл чарба техникаларына чейин алышууда.

WhatsApp_Image_2025-09-17_at_14.37.03_1.width-800.jpg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын 15-сентябрына карата өлкөдө жалпы дан эгиндеринин 678,4 миң га аянтынын 478,8 миң гектары жыйналды, бул 70,6 пайызды түзөт.

Көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилдеги көрсөткүчтөн (467,9 миң га) бир аз ашык.

Республикалык деңгээлде орточо түшүмдүүлүк гектарына 26,2 центнерди түзүүдө. Төмөндөө буудайдын (–1,7 ц/га) жана арпанын (–1,1 ц/га) түшүмдүүлүгүнүн азайышына байланыштуу.

Жалпы жыйналган дан эгининин көлөмү 1 253,1 миң тоннаны түздү, бул өткөн жылга (1 307,2 миң тонна) салыштырмалуу 54,1 миң тоннага аз.

2025-жылы дан эгиндерин жыйноо иштери өткөн жылдагы көрсөткүчтөрдөн артта калууда. Негизги себеби – аба ырайынын шарттарынан улам (кургакчылык жана ысык) бардык аймактарда түшүмдүүлүктүн төмөндөшү.

WhatsApp_Image_2025-09-17_at_14.37.04.width-800.jpg

Жашылча жыйноо (жалпы 56,6 миң га) иштери 39,3 миң гктар аянтта аткарылды, бул 69,5 пайызды түзөт. Бирок дүң жыйым өткөн жылга салыштырмалуу +117,5 миң тн көбөйгөн. Эң жогорку түшүмдүүлүк Жалал-Абад облусунда байкалууда (294,9 ц/га).

Картошка жыйноо (жалпы 64,5 миң га) иштери 28,8 миң га аткарылды (44,7 %). Дүң жыйымдагы өсүш (+16,7 миң тн) жана түшүмдүүлүктүн жогорулагандыгы (150,2 ц/га) оң тенденцияны көрсөтөт. Ысык-Көл облусунда жыйноо иштери жалпы аянттын 13,2 % аткарылды.

Бахча жыйноо (жалпы 11,8 миң га) иштери 12,13 миң га негизинен аяктады жана рекорддук көрсөткүчтөргө жетти 103 %. Дүң жыйым өткөн жыл менен салыштырганда өскөн +55,1 миң тн. Жалал-Абад облусу башкы өндүрүүчү болуп саналат.

WhatsApp_Image_2025-09-17_at_14.37.03.width-800.jpg

Техникалык өсүмдүктөрүн жыйноо (жалпы 32,3 миң га) иштери жаңыдан башталып жатат. Май өсүмдүктөрүнүн жыйноосу 43,2 % деңгээлинде (5,4 миң га), тамеки 39,4% пахта ж/а кант кызылчасы баштала элек.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 11-сентябрга карата "Айыл чарбасын каржылоо-13" долбоорунун алкагында республиканын 6 миң 418 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 4 млрд 30 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилди.

Анын ичинде:

  • "мал чарбачылык" тармагы боюнча 3 млрд 331,34 млн сом суммасында 5 миң 374 субъектти;
  • "өсүмдүк өстүрүүчүлүк" тармагы боюнча 441,02 млн сом суммасында 898 субъектти;
  • "сууну үнөмдөөчү технологиялар" тармагы боюнча 17 млн сом суммасында 24 субъектти;
  • "лизинг" тармагы боюнча 241,56 млн сом суммасында 122 субъектти түзөт.

2025-жылдын 11-сентябрына карата аталган долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат:

Bezymyannyy_X4DEegP.width-800.png