Алтын Казык конушундагы кирпич заводдон чыккан кара түтүн текшерилди

Коом Загрузка... 17 Июль 2026 12:35
ein-auffallendes-bild-von-rauch-der-sich-aus-einem-schornstein-einer-historischen-fabrik-erhebt_1214173-39769.avif

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Бишкек шаарындагы Алтын Казык конушунда жайгашкан кирпич заводунан чыккан кара түтүн боюнча социалдык тармактарда тараган видеого байланыштуу тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, ишкананын жетекчилигинин макулдугу менен бүгүн таңкы саат 04:00 чамасында заводдун аймагы толук текшерилип, атмосфералык абанын сапатын аныктоо үчүн атайын үлгүлөр алынды.

Ал эми текшерүү министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы жана Экологиялык мониторинг департаменти тарабынан жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында кирпич заводдун аймагында синтетикалык материалдарды, желим калдыктарды же тиричилик таштандыларын жагуу фактылары аныкталган жок.

Ошол эле учурда атмосфералык абадан алынган үлгүлөр лабораториялык изилдөөдөн өткөрүлүп, анын жыйынтыгы кийинчерек чыгаары белгилүү болду.