“Алтын балалык” быйыл 8 миңге жакын баланы кабыл алууга даяр – Мукамбаева

Интервью Загрузка... 10 Июнь 2025 17:24
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

“Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо борбору - Кыргызстандагы балдардын ден соолугун чыңдоо жана эс алуу үчүн түзүлгөн мамлекеттик жай. Ал Ысык-Көлдүн жээгинде, кооз табигый аймакта жайгашкан. Борбор жыл сайын иштеп, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген балдарды кабыл алат.

Борбор балдардын ден соолугун чыңдоо менен катар, алардын социалдык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө да чоң салым кошуп келет. Балдар үчүн атайын даярдалган тарбиялык программалар, ден соолукту чыңдоочу көнүгүүлөр, оюн-зоок иш-чаралары, маданий жана спорттук мелдештер уюштурулат.

“Алтын балалык” - балдар үчүн жаңы досторду таап, табият койнунда эс алып, сергек жашоого үндөгөн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Борбордун негизги максаты – ар бир балага коопсуз, пайдалуу жана кубанычтуу жайкы эс алуу тартуулоо.

Бул ирет “Кабар” маалымат агенттиги лагердин быйылкы сезонго даярдыгы жана шарттары тууралуу “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо борборунун директору Салтанат Мукамбаева менен маек курду.

WhatsApp Image 2025-06-10 at 14.30.11.jpeg

Саламатсызбы! Балдардын көптөн күткөн каникулу келди, лагерге быйыл канча баланын келиши күтүлүүдө?

Быйыл лагерге 8 миңге жакын баланы кабыл алабыз деп турабыз. Жалпысынан быйылкы сезонго балдар 11 топ менен келет, аларды 26-августка чейин кабыл алабыз. Бүгүн балдардын биринчи тобу келди. Балдар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин уюштуруусунда келип, алардын арасында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, майыптыгы бар балдар, камкордукка алынган, жетим балдар, ошондой эле өзгөчө камкордукка муктаж жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар бар. Балдардын эс алуусу 10-июндан башталып, 22-июлга чейин уланат. Алар негизинен бардык региондордон келишет. Жакында Казакстандын Алматы, Шымкент шаарларынан ата-энелер келип, лагердеги шарттарды көрүп, абдан суктанып, балдардын лагерге жиберүүгө келишим түзүп кетишти. Алар дагы жакында келишет.

WhatsApp Image 2025-06-10 at 14.30.25 (2).jpeg

“Алтын балалык” лагери мурдагы жылдардан эмнеси менен айырмаланат? Лагердин учурдагы абалы кандай?

Ачылгандан тарта бир топ эле өзгөрүүлөр жасалды. Балдардын ден соолугун чыңдоодо жакшы иштер жасалып жатат. Бардык жабдыктар жаңыланды. Жалпылап айтканда балдардын көңүлдүү эс алуусуна жана ден соолугун чыңдоосуна абдан жакшы шарттар түзүлдү.

Лагердин түптөлүшүнө президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин салымы чоң. Кайсыл суроо менен кайрылбайлы, баарын өз убагында чечип берүүдө. Бүгүнкү күндө дагы алдыга чоң максаттарды, пландарды коюп жатабыз. Учурда чоң спорт комплексин курууга долбоор иштелип жатат. Мындан сырткары, балдар үчүн бассейн курууга документ иштерин бүтүрүп жатабыз. Өлкө башчысы Садыр Жапаровго да ыраазычылык билдиребиз. Өзү келип дайыма көзөмөлгө алып, эмне жетишип, эмне жетишпей жатат баарын сурап турат. Балдардын ата-энелери да жакшы пикирлерин, ыраазычылыгын айтып кетишет.

WhatsApp Image 2025-06-10 at 14.30.24.jpeg

Лагерде балдардын коопсуздугу кантип камсыздалат?

Балдардын коопсуздугун абдан жакшы эске алынган. Атайын келишим түзүп, кесипкөй суучулдарды алганбыз. Мындан сырткары, имараттын сыртында жана ичинде балдарды көзөмөлгө алган, коопсуздугун сактаган күзөтчүлөр бар. Ошондой эле Ички иштер министлигинин да кызматкерлери коопсуздукту күнү-түнү камсыздап турушат. Видео байкоо каралган. Имараттын сыртында, ичинде, көл жээгинде жалпы 28 видео байкоо орнотулган.

Өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн шарттар каралганбы?

Мындай категориядагы балдарды биз буга чейин алган эмеспиз. Быйыл биринчи жолу алып жатабыз. Балдардын баарына шарт түзүлгөн. Көлдүн жээгине чейин пандустар орнотулган. Имараттан имаратка чыгуу үчүн атайын лифттер бар жана үч этажда тең пандустар бар.

Балдар үчүн кандай программалар жана иш-чаралар каралган?

Лагерде 25 жылдык тажрыйбасы бар тарбиячылар иштейт. Программалар абдан кызыктуу. Балдар каалаган убагында көлгө барып, убакытын бекер өткөрүп, ойноп жүрө албайт. Бардыгы график менен түзүлгөн. Бул жаатта биз чет өлкөлөр менен дагы тажрыйба алмашып, кызматташып жатабыз. Былтыр күзүндө Россиянын Екатеринбург шаарына барып, реабилитациялык жабдыктарды көрүп келгенбиз. Быйыл алар өлкөгө келип дагы көрсөтүп, биз буйрутма бердик. Алар Кыргызстанда жок, абдан керектүү жана пайдалуу жабдыктар. Буюрса, күзгө чейин келип калат.