Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Мойнок айылынын кичинекей тургуну Айбийке Алтынбекова ушул тапта алты тилде Манас айтат.
Ал кыргыз тилиндеги үзүндүнү өзү англис, корей, түрк, орус, казак тилдерине которуп алган.
11 жаштагы Айбийке Манас айтууга кызыгып калганынын себеби жана кыялдары тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине айтып берди.