Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштурууга көмөктөшкөн жеке агенттиктердин ишмердүүлүгү каралып, 9 агенттик боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6 жеке ишке орноштуруу агенттигине бир жылдык мөөнөткө уруксат берилди же узартылды. Алар Германия, Түркия, Россия жана Беларусь багыттарында иш алып барат.
Мындан тышкары, "Албан Лидер" ЖЧКсынын Латвия багыты боюнча уруксаты шарт менен бир жылга узартылды. "СУЛТАН ТРАВЕЛ2 жана 2Глобус Кей Джи Плюс" компанияларына байланыштуу маселелер кийинкиге калтырылды.
Эмгек министрлиги чет өлкөгө ишке орношууну пландаган жарандарды расмий каттоодон өткөн жана тиешелүү уруксаты бар агенттиктерге гана кайрылууга, ошондой эле жумуштун шарттарын алдын ала кылдат текшерүүгө чакырды.