"Алтай" шаарчасынын курулушу кандай жүрүп жатат? Министр текшерди

Аймак 08 Июнь 2026 13:30
719126667_1507422867523424_1164668949297055662_n.jpg
717016442_1507423527523358_3406364348616684653_n.jpg
717281058_1507423440856700_5824664497420232307_n.jpg
717457506_1507423207523390_3714749692011899680_n.jpg
717457506_1507423304190047_5200718745637861623_n.jpg
718043077_1507423484190029_8706078295916886871_n.jpg
718051909_1507423357523375_2585433145565739114_n.jpg
718098860_1507423604190017_8650604080487106962_n.jpg
718309165_1507424157523295_745565441964723689_n.jpg
718597265_1507423340856710_257557517566257089_n.jpg
718674730_1507423414190036_2683379760780007318_n.jpg
719069909_1507423954189982_2025027021049377100_n.jpg
719891112_1507423547523356_7044851540424692587_n.jpg
719949968_1507424090856635_5406248642051221520_n.jpg
720011182_1507423920856652_7664812222726132365_n.jpg
720065245_1507424070856637_8920808105925345465_n.jpg
720168474_1507424024189975_8816068355956223599_n.jpg
720291673_1507424164189961_1672625815261158657_n.jpg
720988440_1507423167523394_4279832220877823747_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкекте курулуп жаткан "Алтай" шаарчасынын курулуш иштери менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда министрге долбоордун учурдагы аткарылышы, инженердик даярдоо иштери жана курулуштун этаптары боюнча маалымат берилди.

Орунтаев курулуш иштеринин сапатын жана графигин күн сайын көзөмөлдөөнү тапшырды. Ошондой эле ар бир участок боюнча үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп, өз убагында отчет берилип турушу керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, ал жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында батирлерди сатууну курулушу башталып активдүү жүрүп жаткан блоктордо гана жүргүзүү талабын койду.

Бүгүнкү күндө шаарчанын 600гө жакын блогунда дренаждык системаларды куруу иштери аяктап, пайдубалдарды бекемдөө үчүн арматураларды токуу жана даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, "Алтай" шаарчасы – 234 гектар аянтты ээлеген турак жай жана социалдык инфраструктураны камтыган ири масштабдагы долбоор. Долбоордун алкагында жалпы 1551 беш кабаттуу көп батирлүү турак үй куруу пландалган. Жалпысынан ар түрдүү планда 34 миң батир каралып, курулуштун жалпы аянты 1 млн 7 миң чарчы метрден ашат.

Долбоорго ылайык, шаарчанын аймагында мектеп, бала бакча, поликлиника, оорукана, реабилитациялык борборлор, милициянын аймактык бөлүмдөрү жана өрт-куткаруу кызматтарынын борборлору жайгаштырылат.