Бүгүн дүйнө жүзүндө Альпинисттердин эл аралык күнү белгиленүүдө. Кыргызстан үчүн бул майрамдын мааниси өзгөчө. Кыргызстандын аймагынын басымдуу бөлүгүн тоолор ээлейт. Буга байланыштуу бийиктикти багынткысы келген альпинисттерге кыргыз тоолору эң ыңгайлуу. Бул күндү утурлай бүгүн “Кабар” маалымат агенттиги Кыргызстандын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын мүчөсү, альпинист Кадыр Сайдилкан менен альпинизмдин бүгүнкүсү жана эртеңи тууралуу маектешти.

— Учурда Кыргызстандын альпинизм федерациясында кандай алгылыктуу долбоорлор ишке ашырылууда?
— Кыргызстандын альпинизм федерациясы акыркы төрт жылда тездик менен өнүгүү жолуна түштү. Федерациянын тарыхында мурда болбогон ири экспедициялар уюштурулуп, олуттуу ийгиликтер жаралууда. Жыл башында эки кыргызстандык айым дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверестти ийгиликтүү багындырып келишти. Бул Кыргызстандын альпинизм федерациясындагы тарыхый окуя. Күн мурун кыргызстандык альпинист Асел Байбагышева мурдагы СССР мезгилинен бери эң кадыр-барктуу “Ак илбирс” наамын алды. Бул наам СССР учурунда альпинисттер үчүн эң жогорку наам катары саналган. Буга чейин бул наамга татыктуу болгон бир гана кыргыз Мамасалы Сабиров болчу. Эми Асел Байбагышова бул ийгиликке жетти. Бул альпинизм дүйнөсүндөгү кадыр-барктуу наамдардын бири болуп эсептелет. Мындан тышкары, дүйнөдөгү эң кооптуу жана бийик чокулардын бири болгон Пакистандагы "К2" чокусун багынтуу үчүн федерациянын президенти Эдуард Кубатов экспедицияга жөнөгөн. Жакынкы күндөрү кыргыз альпинизминде дагы жаңы тарых жаралат. Учурда жакшы кабар күтүп жатабыз. Ошондой эле Насиба Эшмурадова, Андрей Алипов аттуу альпинисттерибиз дагы “Ак илбирс” наамына алууга бел байлап жатышат. Буюрса алар дагы бул ийиликти багындырышат деген үмүттөбүз. Федерациянын ишмердигинин дагы бир маанилүү багыты - экология. Учурда “Таза Ала-Тоо” аттуу тоолорду тазалоо долбоору ишке ашырылып жатат. Бул багытта абдан жогорку деңгээлдеги иштер жасалды.

— Кыргызстандын альпинизм федерациясындагы алдыга коюлган максаттар тууралуу айтып берсеңиз.
— Кыргызстандагы альпинизм федерациясында СССР тарагандан кийинки мезгилден бери “СКИФ – Политех” аттуу бир гана альпинисттик ийрим иштеп келген. Өткөн жылы федерациянын демилгеси менен экинчи “Алга” ийрими ачылып, учурда ал абдан ийгиликтүү иштеп жатат. Ийримдердин жетишсиздигинен улам, учурда дагы бир нече жаңы ийримдерди ачуу пландалууда. Тактап айтканда, Ош мамлекеттик университетинин базасында, Каракол шаарында жана Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин базасында альпинисттер үчүн атайын ийримдерди ачуу каралууда. Бул жаштарды альпинизмге тартуу жана тармакты өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам. СССР учурунда Кыргызстанда альпинизм абдан өнүккөн тармак болгон. Ошол доордогу белгилүү жана тажрыйбалуу альпинисттер бүгүнкү күндө дал ушул ийримдерде жаш муунга сабак беришет. Өткөн жылы жаш альпинисттерден түзүлгөн кыргыз командасы Непалда жайгашкан атактуу Ама-Даблам чокусуна ийгиликтүү чыгып келишти. Бул чоң жетишкендик. Быйыл күзүндө дагы дал ушундай масштабдагы эл аралык экспедицияга катышуу пландалууда.

— Альпинизмдин Кыргызстандагы орду кандай? Бул тармакка мамлекет колдоо көрсөтүп жатабы?
— Кыргызстандын келечектүү тармактарынын бири - туризм экендиги көптөн бери айтылып келет. Айрыкча COVID-19 пандемиясынан кийин дүйнө жүзүндө экотуризм абдан тездик менен өнүгүп жатат. Тоо туризми жана тоо сүйүүчүлөрдүн саны жыл санап өсүүдө. Кыргызстан ушул багытта дүйнөдөгү алдыңкы үч альпинисттик өлкөнүн катарына кире алат десек жаңылышпайбыз. Эмне үчүн? Анткени, биздин өлкөнүн 92 пайызы тоолордон турат. Алардын ичинде бийиктиги 7 миң метрден ашкан үч чокубуз бар, ал эми 5 миңдик чокулар өтө көп. Дүйнөдө он төрт 8 миң метрден ашкан чоку бар. Анын жетөө Непалда, бешөө Пакистанда, ал эми калган экөө Кыргызстанда. Бул биздин географиялык артыкчылыгыбызды көрсөтөт. Альпинизм - туризмдин локомотиви боло турган, абдан келечектүү багыт. Азырынча бул тармактагы мүмкүнчүлүктүн болгону 10 пайызы гана пайдаланылып жатат. Калган 90 пайызы колдонулбай жатат. Мамлекет тарабынан моралдык жана мотивациялык колдоо бар. Бирок, тилекке каршы, материалдык жардам азырынча көрсөтүлө элек. Учурда альпинизм багытындагы иштер негизинен демөөрчүлөрдүн жардамы жана федерация мүчөлөрүнүн демилгеси менен жүргүзүлүүдө. Келечекте спорттун башка түрлөрүнө көңүл бурулгандай эле, альпинизм тармагына да мамлекет тарабынан тиешелүү көңүл бурулат деген чоң үмүт бар.
Жергиликтүү бизнес өкүлдөрү азырынча альпинизм тармагына анча кызыга элек. Бул багыт Кыргызстанда салыштырмалуу жаңы тармак болгондуктан, ишкерлер арасында кеңири тааныла элек. Бирок, келечекте бул багытка болгон кызыгуу жогорулайт деген ишеним чоң. Анткени, жогоруда айтылгандай, өлкөбүздө жайгашкан бийик чокулар өзгөчө кооздугу жана жеткиликтүүлүгү менен чет элдик туристтерди өзүнө тартууда. Эгер жергиликтүү бизнес өкүлдөрү мамлекет менен биргеликте иш алып барып, тоо аймактарында инфраструктураны жакшыртып, керектүү шарттарды түзүп, мыйзамдык база иштелип чыкса жана бул багытка инвестиция салышса, альпинизм экономиканын маанилүү булагына айлана алат. Бул туризмдин бир түрү гана эмес, өлкө экономикасын өнүктүрө турган чоң мүмкүнчүлүк. Альпинизм дүйнөдөгү эң кымбат спорт түрлөрүнүн бири болуп саналат. Дүйнөдөгү альпинисттердин болгону 20 пайызы гана спорттук жетишкендик үчүн бул тармак менен алектенишет. Калган бөлүгү миллионерлер жана миллиардерлер. Демек, альпинизм туризм менен катар эле экономикалык өсүштүн дагы бир стратегиялык багыты.

— Кыргызстандагы тоолорду эл аралык деңгээлде таанытуу үчүн федерация кандай иштерди жүргүзүүдө?
— Учурда федерация тарабынан да, жеке демилге катары да абдан жакшы аракеттер көрүлүп жатат. Маселен, жеке өзүм акыркы 3–4 жылдан бери дүйнөгө белгилүү, атактуу альпинисттерди Кыргызстанга чакырып, меймандап келем. Алардын кээ бирлери өлкөбүздүн кооздугуна суктанып, кайра келип турууну каалашууда. Ошол эле маалда башка көптөгөн альпинисттер “Эмнеге бизди чакырбайсың?” деп капа болушууда. Бирок, алардын бардыгын чакырууга менде убакыт, мүмкүнчүлүк жетишпей жатат. Азыр бул багытта жакшы долбоор даярдалып жатат. Буюрса, жакынкы аралыкта бул долбоорду өлкө башчысына сунуштайын деп жатам. Кыргызстанда дүйнөлүк деңгээлдеги альпинисттер үчүн чоң иш-чара уюштурулса абдан жакшы болмок.

— Советтер союзу маалында альпинисттер Кыргызстанга келип машыгып кетчү экен. Азыр ошондой шарттарды түзүүгө болобу?
— Ала-Арча жаратылыш паркындагы Аксай мөңгүсүндө “Рацек” аттуу альпинисттик борборубуз жайгашкан. Бул жерде дүйнөнүн булуң-бурчунан келген альпинисттер машыгып, тажрыйбасын арттырып жатышат. “Aksai Travel” аттуу жеке компания бул альпинисттер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берип, жакшы кызмат көрсөтүүдө. 24-августта Түркиянын дүйнөлүк деңгээлдеги эң белгилүү альпинисти өзүнүн командасы менен Кыргызстанга келип, машыгууларды өткөрөт. Алар бул жерде 15 күн бою машыгышат. Мындан тышкары, жыл сайын 1-майда белгилене турган Эл аралык Альпиниада күнүндө Ала-Арча паркындагы чокуга чыгуу салтка айланып калды. Бул жылы иш-чарага 10 мамлекеттен келген 2 миңге жакын альпинист катышты. Бул көрсөткүч келечекте дагы өсөт деген ишеним бар. Азырынча мүмкүнчүлүгүбүз ушундай деңгээлде, бирок каалоочулар абдан көп. Быйыл Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да чоң жардам көрсөтүп, өз куткаруучуларын аймакка жиберип, коопсуздукту камсыздоого көмөк көрсөттү.

— Эмне үчүн адамдар өз өмүрүн тобокелге салып, көп каражат коротуп, тоо чокуларына чыгууга умтулушат? Дегеле, альпинизм сиз үчүн эмне?
— Тоонун чокусунда жүргөнүбүздө көптөр бизге таң калып, урушушат. "Эмнеге өз өмүрүңөрдү тобокелге салып, көп каражат коротуп, азап тартып тоого чыгасыңар?" дешет. Бирок, альпинизм бул жөн эле спорт эмес. Бул маданият. ЮНЕСКОнун тизмесине материалдык эмес, адамзаттын баалуулугу катары киргизилген жалгыз спорт түрү дал ушул альпинизм. Альпинизм жаратылыш менен эриш-аркак жашоо, табиятты терең түшүнүү. Өнүккөн мамлекеттерде жана альпинизм жаралган өлкөлөрдө ал жогорку деңгээлдеги маданият катары бааланат. Бул адамды тарбиялап, сабырдуулукка, биримдикке жана жогорку маданиятка үйрөтөт. Тоолордун чокусуна биз көп учурда дүйнөнүн бай, атактуу же гений инсандары менен кошо чыгабыз. Алар менен чогуу күн өткөрүп, таанышып, бир командада болобуз. Бир гана тоонун чокусунда адамдын статусу жок. Сен миллиардерсиңби, жөнөкөй адамсыңбы, генийсиңби тоодо баары бирдей. Мисалы, Нью-Йоркто атактуу адамга жакындаш да кыйын. Ал сени карап да койбойт. Ал эми тоодо, сени менен бирдей укукта, бир чатырда уктап, сен кандай жүрсөң, ал да ошондой жүрөт.