Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда Эл аралык тхэквондо федерациясынын атынан расмий иш алып барууга Артур Медетбеков жетектеген Кыргызстандын тхэквондо федерациясы гана укуктуу. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Эл аралык тхэквондо федерациясынын (ITF) президенти Ри Йонг Сон билдирди.
Анын айтымында, бул чечимге чейин Кыргызстанда ITF тутумунда аккредитациядан өткөн үч уюм – бир улуттук федерация жана эки филиал (аффилирленген уюм) иштеп келген. Эми республиканын аймагындагы филиалдардын макамы жоюлду. Эл аралык федерация тарабынан расмий түрдө таанылган жалгыз түзүм катары Артур Медетбеков жетектеген улуттук федерация калды.
"ITF деген аталышты буга эч кандай укугу жоктор дагы, ар кандай башка топтор дагы колдонуп жатышат. Бул көрүнүш өлкөдө ким аталган федерациянын чыныгы өкүлү экендиги боюнча чоң күрөш жүрүп жатканынан кабар берет. Бул Эл аралык федерациянын, таэквондонун күчүн жана бул тармакта иштөөгө абдан көп адамдар кызыкдар экенин көрсөтөт. Ошентсе да биз бул маселеге эч кандай түшүнбөстүктөр жана күмөн саноолор калбашы үчүн толук тактык киргизүүнү каалайбыз: Кыргызстанда тхэквондо багыты боюнча таанылган бир гана улуттук федерация бар - ал Артур Медетбеков жетектеген федерация. Башка эч бир уюм Кыргызстанда ITF`тин атынан чыгууга укугу жок", - деп баса белгиледи Ри Йонг Сон.