Ри Йонг Сон: Кыргызстандын тхэквондодо чоң дарамети бар

Спорт Загрузка... 10 Июнь 2026 16:40
gallery35.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын аянтынын чакандыгына жана калкынын санына карабастан, өлкөнүн тхэквондо тармагында чоң потенциалы жана алдыңкы орундар үчүн күрөшүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Эл аралык тхэквондо федерациясынын (ITF) президенти Ри Йонг Сон билдирди.

e5a4f0ca-8b21-4f84-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

"Эгерде дүйнөлүк тхэквондодо кимдер алдыда экенин айта турган болсок, албетте, тхэквондонун мекени катары Корея Республикасы өзгөчө орунда турат. Ал эми экинчи орунда бүгүнкү күндө Россия турат. Бирок мен баса белгилеп айта кетишим керек, Кыргызстандын аянтынын чакандыгына жана калкынын санына карабастан, тхэквондо тармагында чоң дарамети жана анын биринчилик үчүн күрөшүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрү бар.

Албетте, менин бул сапарымдын негизги максаттарынын бири - Кыргызстанды колдоо жана өлкөдөгү тхэквондонун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү. Муну менен спорттун бул түрүн дагы бир кадам алдыга жылдырып, эң жогорку орундар үчүн күрөшө ала турган деңгээлге чыгарууну көздөйбүз", - деди ал.