Альпинист Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң кооптуу делген эки чокуга чыгат

Коом Загрузка... 18 Март 2025 15:43
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Альпинист Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң татаал делген эки чокуга чыгууну пландап жатат. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигине билдирди.

Эдуард Кубатов алгач Непал өлкөсүндөгү деңиз деңгээлинен 8091 метр бийиктикте жайгашкан Аннапурна I чокусуна чыгууга камданууда. Андан соң дүйнө жүзүндө бийиктиги боюнча Эвересттен кийинки экинчи орунда турган Каракорум тоо кыркасындагы К2 чокусуна чыгат.

“Аннапурна I чокусуна чыгуу үчүн 20-мартта Гималайга кеткени турам. Ал эми Аннапурнадан кийин июнь айында К2 чокусуна чыгууга даярдык көрөм деп пландап жатам. 8091 жана 8611 метр бийикте жайгашкан бул эки чоку кооптуулугу жана адамдын өлүмү менен коштолгондугу жагынан, ошондой эле чыгууга оор жана татаал деп эсептелген чокулардын бири катары белгилүү”, - деди Эдуард Кубатов.

Белгилей кетсек, кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов былтыр Гиннестин рекорддор китебине кирген. Анда ал Манаслу чокусуна кычкылтексиз чыккан эң кары адам болуп калды. Альпинист бул чокуга 2022-жылдын 1-октябрында 50 жаш курагында чыккан.

Ошондой эле ал кычкылтекти колдонбостон чокуларды багындырган тажрыйбалуу альпинисттердин бири катары белгилүү. Кыргыз экспедициясы Гималай тоосундагы 8163 метр бийиктиктеги Манаслу чокусун үч жыл мурда багындырган. Алардын ичинен бул чокуга үч альпинист, анын ичинде Кубатов да кычкылтектин жардамысыз чыккан болчу.