Альпинист Эдуард Кубатов быйыл 4 чокуну багындырууга камынууда

Спорт Загрузка... 22 Январь 2026 16:45
WhatsApp_Image_2025_oVDbX3s.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти, альпинист Эдуард Кубатов быйыл 4 чокуну багындырууга камынып жатканын айтты. Ал “Кабар подкастта” билдиргендей, апрель айында Индия менен Непалдын чек арасында жайгашкан бийиктиги 8586 метрге жеткен Канченжанга тоосуна сапар тартат. Андан кийин Пакистандагы Нангапарбат, Броуд-Пик тоолоруна жана Тибеттеги Чо-Ойю тоосуна чыга турганын белгиледи.

“Азыр бир күндө эки ирет машыгып жатам. 15-апрелде 8586 метр бийиктикте жайгашкан Канченжанга тоосуна чыгууга сапар тарткам. Бул тоо бийиктиги боюнча дүйнөдө 3-орунда турат. Ошондой эле оор тоолордун бири. Андан кийин май айында Пакистандагы Нангапарбат аттуу 8200 метр бийиктиктеги тоону багындырсам деген пландар бар. Коркунучтуулугу боюнча үчүнчү орунда турат. Нангапарбат тоосуна аракет кылып чыгып алсам, ошол эле Пакистандагы 8 миң метрлик тоолордун эң жапызы 8052 метр бийиктиктеги Броуд-Пикке чыгам деп турам. Август айларында өлкөгө келип калам. Бир ай эс алган соң октябрь айында Тибетке кетем. Ал жактагы 8200 метрлик Чо-Ойю тоосуна альпинизм боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Валерий Бабанов деген белгилүү альпинист экөөбүз жаңы маршрут менен чыгабыз”, - деди ал.

Кошумчалай кетсек, Эдуард Кубатов 2025-жылдын декабрь айында Африкадагы деңиз деңгээлинен 5895 метр бийиктиктеги Килиманжаро чокусуна чыгып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын желегин желбиреткен болчу.

Буга чейин ал дүйнөдөгү эң татаал делген Аннапурна, Манаслу, К2 чокуларына да чыккан.