Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бүгүнкү күндө негизги экономикалык долбоорлордун бири. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев билдирди.
Анын айтымында, жакында жүктөрдү жеткирүүдөн баштап, төлөмдөрдү төлөө, өткөрүү пункттары боюнча иштердин механизми жана системалаштырылганын аныктоо үчүн атайын жыйын өткөн.
“Жүктөр өткөрмө бекеттерде бош туруп калбай, чек арадан мүмкүн болушунча тез өтүшү үчүн атайын жумушчу топ бул багытта активдүү иш алып барууда”,- деди ал.