Алмаз Имангазиев "Сахарово" миграциялык болборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом Загрузка... 27 Июнь 2025 14:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Москва шаарындагы көп функционалдуу миграция борборуна ("Сахарово" миграциялык болбору) барып, борбордун башкы директору Антон Игнатов жана Москва өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушту.

Борбордун башкы директору А.Игнатов "Сахарово" миграциялык Борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берип, Кыргыз Республикасынын жарандарынын милдеттүү дактилоскопиялык каттоо, сүрөткө тартуу жана медициналык күбөлөндүрүү процедураларынан өтүү тартиби менен министрдин орун басарын тааныштырды. 

2025-жылдын 10-сентябрына чейин Россияда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн берген Россиянын президентинин жарлыгын эске алуу менен тараптар берилген мөөнөттүн ичинде мекеменин өткөрүү жөндөмдүүлүгү тууралуу маселелерди талкуулашты.

Россия тарап "Сахарового" кайрылгандардын агымы көбөйө турган болсо, аталган Борбор күчөтүлгөн тартипте ишти камсыз кылууга даяр экендигин билдирди. Ошону менен бирге кезек көп болуп кетпеш үчүн "Сахарово" борборуна барууну пландаштырып жаткан кыргызстандыктарга күндүн экинчи жарымында баруу максатка ылайыктуу катары маалымдоону сунуштады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып "Сахарово" миграциялык борборунун базасында өтө турган чет өлкөлүк жарандарды эсепке алуунун жаңы эрежелерин киргизүү боюнча эксперименттин ишке ашырылышы боюнча маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары тыгыз жана үзгүлтүксүз диалог жүргүзүп турууну  макулдашты.