Бишкек, 07.09.26 /Кабар/. Минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу Алмаз Имангазиевди эмгек жамаатка тааныштырды.
Аны кызматка дайындоо тууралуу тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Жаңы жетекчини тааныштырып жатып, Амангелдиев ведомствонун алдында турган милдеттердин өзгөчө маанилүүлүгүн жана жоопкерчилигин белгиледи.
Ал социалдык чөйрөдө системалуу реформаларды жигердүү улантуу, калктын аялуу катмарын колдоону өркүндөтүү, ошондой эле эмгек жана миграция жаатындагы процесстерди натыйжалуу жөнгө салуу зарылдыгын эскертти.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Алмаз Имангазиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешине макулдашууга киргизилет.