Алмаз Имангазиев эмгек министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 7 сентябрь 2026 12:28
Алмаз Имангазиев эмгек министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
copyright icon WWW

Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Алмаз Имангазиев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Алмаз Имангазиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.