Алматыдан келген конокторго Ысык-Көлдүн түштүк жээги көрсөтүлдү

Коом 20 август 2025 17:55
76fa0dda-dd4d-3a4b-af15-2f84e5394e97.jpeg
0aa9d482-7b93-3484-a5e4-e5ec2d81d5d7.jpeg
7d3b0077-2a00-39bb-af44-eb49cf2341b3.jpeg
12e54840-eb76-342b-b501-4cd0f20c47d8.jpeg
57f9a934-5b33-341d-a2c2-e8153e09c6cc.jpeg
830c7ba2-70ba-3e3e-baf3-aa170fefd516.jpeg
a70539f5-ff71-3c9a-b113-1683586e0c59.jpeg
b33d8d9b-1c95-374f-a532-bf13344370e6.jpeg
e304bacf-561e-37d3-a831-a25e8fbf9c6a.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 20.08.25 /Кабар/. 15-17-август күндөрү Казакстандын Алматы шаарында аккредитилген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, эл аралык уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн Ысык-Көлдүн тескей жээгиндеги маданий жана туристтик жайлары менен "Мурас-2025" таанышуу сапары өткөрүлдү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, таанышуу сапары Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан уюштурулду.

Бул демилге Ысык-Көл облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүүгө, маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого, туризм тармагындагы эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө жана аймактын бай маданий мурасын таанытууга багытталган.

Үч күндүк турдун жүрүшүндө катышуучулар Ысык-Көлдүн тескей жээгиндеги тарыхый жана туристтик жайлар менен таанышты. Программага улуттук тамак-аш тартуулоо, кыргыз элинин тарыхы жана салттары менен таанышуу камтылган.

Мындан тышкары, Каракол шаарынын жана райондордун жетекчилери, жергиликтүү дестинациялар менен жолугушуулар болуп, анда Ысык-Көл облусу менен Казакстан, Польша, Австрия, Чехия, Монголия, Нигерия жана Германия менен соода-экономикалык, инвестициялык, маданий жана туристтик кызматташтыгынын келечеги талкууланды.