Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Алматыда жеткирүүчү роботтор сыноодон өткөрүлө баштады. Бул тууралуу Казинформ жазды.
Маалыматка ылайык, Алматыда айдоочусуз транспорт технологияларын андан ары өнүктүрүү үчүн зарыл болгон жеткирүү роботтору жана унааларды картага түшүрүү ишке киргизилди.
Робот өз алдынча багыт алып, маршрутту белгилейт, тоскоолдуктарды тааныйт жана коопсуз жолду тандайт.
Шаардын жогорку тактыктагы санариптик картасын түзүү үчүн атайын жабдылган унаалар Алматынын көчөлөрү менен жүрө баштады.
Унаалар лидарлар, камералар жана башка сенсорлор менен жабдылган. Алар жол белгилери, жол чырактар, кесилиштер жана башка инфраструктура боюнча маалыматтарды чогултушат. Бул маалыматтын негизинде жол чөйрөсүнүн деталдуу санариптик модели түзүлөт.
Транспорт министрлиги белгилегендей, мындай карта айдоочусуз транспортту, анын ичинде роботакси технологиясын андан ары өнүктүрүү үчүн зарыл.