Алматыда поездде 52 адам газга ууланды

Борбор Азия Загрузка... 12 Декабрь 2025 09:15
2590e836-fb80-4ca3-a807-06134d8c1ab5.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. "Алма-Ата-2" станциясында поездде 52 адам газга ууланды, деп билдирген шаардык коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан Интерфакска.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерге 13 тез жардам бригадасы жөнөтүлгөн. Балдарды кошкондо жалпысынан 52 адам жаракат алган.

Газга уулангандардын баары текшерүүдөн өтүп, зарыл болгон медициналык жардам алуу үчүн шаардык ооруканалардын тез жардам бөлүмдөрүнө жеткирилген.

Он бала текшерүүдөн кийин ооруканага жаткырылды, алардын экөө жандандыруу бөлүмүндө, калгандары адистештирилген бөлүмдөрдө.

"Калган бейтаптар текшерүүдөн жана дарылануудан кийин жашаган жеринде амбулатордук дарыланууга чыгарылды", - деп белгилешкен башкармалыктан.

"Казакстан темир жолу" улуттук компаниясы массалык уулануу окуясына эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Ошондой эле уулануу болгон поезд жеке ташуучуга таандык экени айтылды. Вагондор киностудияга тасма тартуу үчүн берилген.

Окуянын бардык жагдайлары тиешелүү органдар тарабынан иликтенип жатканы маалым болду.