Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. 29-августта Алматы шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чара кыргыз диаспорасынын “Мурас” этномаданий бирикмесинин, мекендештердин жана ата мекендик продукцияны өндүрүүчүлөрдүн колдоосу менен Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан уюштурулду.
Кыргызстандын башкы консулу Жеңишбек Асанкулов өз сөзүндө Эгемендүүлүк күнүнүн эң башкы мамлекеттик майрам катары тарыхий маанисин баса белгиледи. Кыргызстандын бүгүнкү жетишкендиктерине токтолуп, жарандарды өлкөнүн өнүгүшүнө жана мекенчилдикти чыңдоого жигердүү салым кошууга чакырды. Ал дүйнөлүк коомчулук менен достукту жана жакшы коңшулаштыкты сактоо духунда өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Башкы консул ошондой эле кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, үрп-адаттарын жана руханий мурастарын кылдаттык менен сактоо жана татыктуу көрсөтүү менен келген өлкөнүн тилин, маданиятын, каада-салтын жана мыйзамдарын урматтоого чакырды.
Иш-чаранын алкагында КР президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолуна ылайык, “Ордо” улуттук оюнунун бет ачары, тематикалык сүрөт көргөзмөсү жана шахмат боюнча турнир өткөрүлдү.