Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алматы шаарында Кытайдын тышкы иштер министри, Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Ван И менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу 26-апрелде "Борбордук Азия — Кытай" форматындагы тышкы иштер министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында өттү.
Кулубаев президент Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын башындагы Кытайга болгон мамлекеттик сапары учурунда эки өлкөнүн лидерлери тарабынан белгиленген саясий күн тартиби кыргыз-кытай кызматташтыгынын активдүү динамикасын сактап келе жатканын белгиледи.
Ошондой эле жогорку деңгээлдеги бир катар маанилүү сапарлар, эки тараптуу мамилелердин кеңири чөйрөсү боюнча жетишилген консенсус өз ара ишенимди чыңдап, кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары бекемдөөгө бекем негиз түзгөнү өзгөчө белгиленди. Министр Кыргызстанда кытай каржысынын катышуусу менен ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлорго да токтолду.
Өз кезегинде Ван И мамлекет башчыларынын стратегиялык жетекчилиги астында эки өлкөнүн алакалары динамикалуу өнүгүп жатканын билдирди. Ал эки өлкөнүн жана элдердин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу көп кырдуу кызматташтыкта жаңы натыйжаларга жетишүү үчүн бул активдүүлүктү эң жогорку деңгээлде улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи. КЭР ТИМ башчысы ошондой эле быйыл Кытайда өтө турган маанилүү иш-чаралар тууралуу маалымат берди.
Тышкы саясий ведомстволордун башчылары соода-экономикалык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Тараптар 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосундагы өз ара соода көлөмү тарыхый рекорддук деңгээлге жеткенин канааттануу менен белгиледи. Алар соода жүгүртүүнүн көлөмүн мындан ары да арттыруу үчүн активдүү аракеттерди улантууга ниеттерин билдиришти.
Ошондой эле Кыргызстандын аймагында ишке ашырылып жаткан биргелешкен инфраструктуралык жана гранттык долбоорлор, алардын социалдык-экономикалык мааниси талкууланды. Айрыкча бүткүл региондун транспорттук инфраструктурасынын өнүгүшүндө жаңы доорду ача турган дараметке ээ "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" темир жолунун курулушун баштоонун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Мындан тышкары, консулдук кызматташтык, эки өлкөнүн жарандары үчүн визалык режимди жөнөкөйлөтүү жана башка маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Министрлер ошондой эле БУУ, ШКУ жана "Борбор Азия — Кытай" форматындагы эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкты карап чыгып, жалпы кызыкчылык туудурган негизги демилгелер боюнча өз ара колдоону улантууну макулдашты.