Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 5-декабрдан тарта Алматы - Каракол түз аба каттамы ачылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине "Кыргызстан аэропорттору" ААКтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттам Кыргызстандын мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы тарабынан ачылууда. Жумасына эки ирет - жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.
"Аба каттамы азырынча кышкы сезон учурунда гана ачылууда. Билеттердин баасы 6500 сом, 39 000 теңге, же 75 долларды түзөт. Азыр казакстандыктарга ыңгайлуу болгон төлөм системасы караштырылууда", - деп белгилешти аэропорттон.
Белгиленгендей, билеттер Asman Airlines авиакомпаниясынын тиркемесинде жеткиликтүү.