Алмамбет Шыкмаматов III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды

Коом 9 сентябрь 2026 17:40
Алмамбет Шыкмаматов III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды
copyright icon WWW

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Шыкмаматов Алмамбет Насырканович III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Сыйлык Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн, ошондой эле өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу берилди.