Алимент төлөөдөн качкандар арбыды. Мыйзамдагы сиз билбеген жагдайлар

Коом Загрузка... 22 Январь 2026 11:40
1062690173_0_160_3073_1888_1920x0_80_0_0_3dd72affca29287dfe08f5b518c43483.jpg
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Алимент - баланын жана муктаж болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоого багытталган мыйзамдык милдет. Кыргызстанда алимент төлөөдөн качкандар көп болуп, көйгөй курч бойдон калууда. Буга байланыштуу мамлекет жоопкерчиликти күчөтүп, жаңы мыйзамдык чараларды ишке киргизүүгө аракеттенүүдө.

Алимент деген эмне?

Алимент - бул каржылык жактан муктаж болгон үй-бүлө мүчөсүн каражат менен камсыз кылуу. Атап айтканда, жубайлардын биринин 18 жашка чыга элек балдарына төлөп берүүчү материалдык жардамы.

Көпчүлүк учурда алимент дегенде ата-эненин баласы үчүн төлөгөн каражатын айтышат. Бирок, мыйзамда ата-эне карып, эмгекке жарамдуу болбой калган кезде баласы таштап кетсе же каржы жагынан көмөк көрсөтпөсө балдарынан алимент өндүрүү укугу да бар. Бирок мындай учур сейрек кездешет.

Алиментти ким төлөйт жана ал кандай өндүрүлөт?

  • Ажырашкандан кийин баласы менен жашабаган ата же эне:
  • Эки тараптын макулдашуусу аркылуу;
  • Соттун чечими менен.

Алимент төлөөнүн өлчөмү кандай?

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинде жашы жете электерге карата алименттин өлчөмү аныкталган. Ал жерде кирешенин төмөндөгүдөй бөлүгү:

  • 1 балага – 1/4
  • 2 балага – 1/3
  • 3төн ашык балага - тапкан кирешенин 50%ы деп белгиленет.

Алиментти кантип алса болот?

Соттук тартипте алууда өндүрүүчү тарап арыз менен кайрылат. Соттун буйругу чыгып, анын негизинде сот аткаруучулар алимент өндүрөт.

Арыз берилген учурда баланын атасы же апасы экендигин далилдөөчү документтер зарыл:

  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • никелешүү жөнүндө күбөлүк (ЗАГС);
  • арыз берүүчүнүн паспорт көчүрмөсү;
  • жашаган жерден тактама;
  • үй-бүлөлүк дарыгерден баланын клиникалык тирүү жана ден соолугу чың деген тактама.

Бул учурда кошумча териштирүү жүргүзүлбөстөн 10 күндүн ичинде соттук буйрук чыгарылат.

Кээ бир учурларда алиментти 18 жаштан кийин да алууга болот. Эгерде бала бойго жетип, билим берүү уюмдарында күндүзгү формада акы төлөп окуп жатса, 18-21 жашка чейин алимент төлөө каралган.

Алимент өндүрүүнүн жолдору:

Сот аткаруучу төлөбөй жүргөн адамга өз ыктыяры менен төлөөнү сунуш кылат. Эгер төлөбөсө, сот аткаруучу мыйзамдагы чараларды колдонот:

  • чет өлкөгө чыгуусун чектөө;
  • банк эсептерин камакка алуу;
  • кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү камакка алуу.

Натыйжа чыкпаса, сот аткаруучу укук коргоо органдарына сотко чейинки өндүрүш баштоону сунуштайт.

Бул милдеттен качуу Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси боюнча кылмыш болуп саналат.

Өлкөдө алимент төлөөдөн качып жүргөндөрдүн саны канча?

Башкы прокуратуранын “Кабар” агенттигине берген маалыматтарына ылайык, алимент төлөөдөн качкан 1205 карызкорго издөө жарыяланып, алар боюнча аткаруу өндүрүшү убактылуу токтотулган.

2025-жылдын ичинде бул милдеттен системалуу түрдө качкандарга чара көрүү максатында 1 124 материал ИИМге жөнөтүлгөн. Алардын жыйынтыгы менен:

  • 280 карызкорго айып пул салуу,
  • 63 карызкорго коомдук жумуштарга тартуу жөнүндө чечимдер чыгарылган;
  • 244 материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтом кабыл алынган;
  • 18 материал кемчиликтерди жоюу үчүн кайтарылган;
  • 143 материал кыскартылган;
  • учурда 376 материал кароо стадиясында турат.

Ошону менен бирге, 2025-жылдын ичинде алимент боюнча жалпысынан 690 млн 541 миң 822 сом өндүрүлгөн.

Алимент төлөбөгөндөргө чаралар күчөтүлөт

Ошондой эле, учурда Башкы прокуратура алимент төлөбөй жүргөндөрдү мажбурлап ишке орноштуруу, маянасынан балага акча бөлдүрүү тууралуу мыйзам долбоорун демилгелеп жатат.

Жаңы мыйзам долбоору депутаттар тарабынан комитетте биринчи окууда жактырылды. Анда төмөнкүлөр сунушталат:

  • Үч айлык карыз үчүн үч күндүк камакка алуу;
  • Бир жылдын ичинде кайталанган укук бузуу үчүн жети күндүк камакка алуу;
  • 12 айлык карыз үчүн 100 сааттан 200 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу жазасы же бир жылга чейин эркинен ажыратуу;
  • Эмгек акысын жана кирешесин жашыруу же азайтып көрсөтүү, ошондой эле соттун чечими же сот аткаруучунун буйругу менен жумуштан качуу 100 миң сом айып пул салуу же үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулат.

Башкы прокуратуранын Соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Клара Масалбекованын айтымында, бул долбоор алимент өндүрүү механизмин комплекстүү модернизациялоону, анын ичинде административдик камак, кылмыш жоопкерчилигин катаалдаштыруу, карызкорлорду ишке орноштурууга багыттоо, банкттык жана санариптик механизмдерди кеңейтүүнү көздөйт.

Буга чейин мыйзамга кандай өзгөртүүлөр киргизилген?

Масалбекова белгилегендей, алимент маселесин жөнгө салган өзүнчө мыйзам жок. Алименттик төлөмдөрдү өндүрүү “Соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт. Ал эми алимент төлөөдөн атайылап качкандарга жоопкерчилик Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинде каралган.

“Бул берене бир нече жолу күчөтүлүп, сот чечимин 3 жолудан ашык аткарбоо же алиментти толук эмес төлөө кылмыш жоопкерчилигине негиз болуп саналат. Мындай учурда сот аткаруучу материалдарды ички иштер органдарына өткөрүүгө милдеттүү. Ата-эненин баласын багуудан качуусу үчүн 3 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы колдонулушу мүмкүн. Ошондой эле 12 ай ичинде алименттик карыз төлөнбөсө, кайрадан кылмыш ишин козгоого негиз түзүлөт.

Ошол эле учурда статистика көрсөткөндөй, көрүлгөн чараларга карабастан алимент өндүрүү механизми жетиштүү деңгээлде натыйжалуу болбой, аткарылбай калган иштердин үлүшү жогору бойдон калууда”,-деди бөлүм башчы.

Чет өлкөдө жүргөн жарандардан алимент кантип өндүрүлөт?

Чет өлкөдө жүргөн жарандарга карата алимент өндүрүү өлкөнүн мыйзамдарына, ошондой эле эл аралык келишимдердин, конвенциялардын жана эки тараптуу макулдашуулардын негизинде жүргүзүлөт.

  • Кыргызстандын катышуусундагы эл аралык конвенциялар;
  • Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) алкагында түзүлгөн укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуулар;
  • соттук жана тергөө органдарынын өз ара укуктук жардам көрсөтүүсү тууралуу эки тараптуу келишимдер.

2025-жылы президент тарабынан “Сот актыларын, башка ыйгарым укуктуу органдардын жана кызмат адамдарынын актыларын мажбурлап аткарууда маалымат алмашуу боюнча кызматташуу жөнүндө” макулдашууга кол коюлган. Бул документ КМШ аймагында жүргөн карызкорлорду аныктоону, алардын иштеген жери жана кирешеси тууралуу маалымат алууну, ошондой эле алименттик карызды өндүрүүнү кыйла жеңилдетет.

Карызкордун кирешеси жана иштеген жери тууралуу маалыматтар:

  • чет өлкөлүк компетенттүү органдардан расмий суроо-талаптар аркылуу;
  • эл аралык укуктук жардам көрсөтүү каналдары аркылуу;
  • миграциялык жана укук коргоо органдарынын маалымат алмашуусу аркылуу алынат.

Ал эми билдирүүлөр жана талаптар карызкорлорго:

  • дипломатиялык каналдар;
  • эл аралык почта аркылуу жөнөтүү,
  • ошондой эле электрондук байланыш каражаттары аркылуу жеткирилет.

Эгерде алименттик карыз ири өлчөмдө болуп, карызкор атайылап төлөөдөн качып жүрсө, ага карата кылмыш иши козголуп, эл аралык конвенциялардын негизинде тергөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлөт.

Бир жылда канча жаран алимент боюнча юридикалык жардам алган?

Юридикалык жардам кызматынын Юридикалык жардам жана укуктук агартуу башкармалыгынын башчысы Айчүрөк Камаеванын билдирүүсү боюнча, аталган кызматка алимент темасы боюнча кайрылган жарандардын саны пенсия жана жөлөк пулдардан кийинки орунда турат.

“Пенсиялар жана жөлөк пулдар менен байланышкан маселелер боюнча жыл ичинде 3665 кайрылуу түшсө, алимент менен байланышкан маселелер – 2447ни түзгөн.

2025-жылы 18 181 адамга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлүп, анын ичинен алимент өндүрүү боюнча сот иштерине 1 037 катышкан. Бул жардам көрсөтүлгөн жарандардын 5,7%ын түзөт.

Алимент өндүрүү боюнча жардам эки негизги формада көрсөтүлөт. Биринчиси, консультациялык укуктук жардам. Анын алкагында, жарандарга алимент өндүрүүнүн тартиби түшүндүрүлүп, арыздарды даярдоого көмөк көрсөтүлөт жана сотко же аткаруу органдарына кайрылуу боюнча кеңеш берилет.

Экинчиси, квалификациялуу юридикалык жардам. Бул учурда алимент иши боюнча адвокат дайындалып, ал жарандардын кызыкчылыктарын сотто жана мамлекеттик органдарда коргойт, ошондой эле сот чечимдеринин аткарылышын укуктук жактан коштоп турат.

Мындай жардам жарандардын, айрыкча балдардын укуктарын коргоого багытталган”,-деди ал.