Алимент өндүрүп берүү үчүн 35 миң сом талап кылган. Бишкекте сот аткаруучу кармалды

Укук тартиби 19 сентябрь 2025 10:00
549159456_1636538683971800_6873717862872232832_n.jpg
548772730_1636538673971801_1879923828147227246_n.jpg
549700968_1636538730638462_3540007836928400518_n.jpg
Алдыга
Артка
549159456_1636538683971800_6873717862872232832_n.jpg
548772730_1636538673971801_1879923828147227246_n.jpg
549700968_1636538730638462_3540007836928400518_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 19.09.25 /Кабар/. Бишкекте сот аткаруучу тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коррупциялык схема Биринчи май райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу, юстициянын капитаны Ж.А.М. тарабынан уюштурулган.

Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кызматкер жарандан алимент өндүрүү маселесин чечип берүү үчүн талап кылып жаткан 35 миң сом өлчөмүндөгү акчаны алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп, кармалган жаран тарабынан мыйзамсыз иш алып баруусу мүмкүн болгон башка фактылар текшерилүүдө.

УКМК коррупциянын бардык фактыларына, анын ичинде калкты социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамсыз аракеттерге катуу бөгөт коюларын эскертет.