Алгачкы жолу "Фрунзе-82" чарбасында бээлер жасалма уруктандырылат - сүрөт

Коом Загрузка... 27 Май 2025 12:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Алгачкы жолу "Фрунзе-82" чарбасында бээлер жасалма уруктандырылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда жайгашкан "Фрунзе-82" Кыргызстандагы жылкы чарбачылыгынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келе жаткан алдынкы чарбалардын бири. Учурда чарбада жаңы кыргыз породасындагы асыл тукум жылкылар багылып, алардын сапатын жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Министрликтин демилгеси менен өлкөдө алгачкы жолу "Фрунзе-82" чарбасында кыргыз породасындагы бээлерге жасалма уруктандыруу ыкмасын колдонуу иштери жүрүүдө. Бул демилге атамекендик асыл тукум мал чарбачылыгында жаңы доордун башталышы болуп саналат. Айрыкча чарбада эң мыкты бээлер кармалып, тукумду улантуу иши илимий негизде уюштурулган.

Жасалма уруктандыруу аркылуу жогорку генетикалык сапаттагы тайлар алынат жана улуттук породаны дагы да жакшыртууга шарт түзүлөт. "Фрунзе-82" чарбасынын аракети кыргыз жылкысынын нукура өзгөчөлүгүн сактоо менен, аны дүйнөлүк стандарттарга жооп берген деңгээлге жеткирүүгө багытталган маанилүү кадам экендиги айтылууда.