Өлкөдө 17,5 млн сомго жасалма уруктандыруу шаймандары сатып алынууда

Коом Загрузка... 19 Май 2025 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 19.05.2025. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, министрлер кабинети тарабынан 17,5 млн сомго 160 комплект жасалма уруктандыруу шаймандары сатып алынууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаймандар жакын арада республиканын бардык аймактарындагы техник уруктандыруучуларга берилет.

Министр Бакыт Төрөбаевдин айтымында, мындан сырткары, республикалык бюджеттен малды жасалма уруктандыруу үчүн 60 млн сом берилип, бул каражатка жогорку сапаттуу элита классындагы 270 миң доза-урук сатып алуу жана 3 жыл ичинде 180-200 миң уйду жасалма жол менен акысыз уруктандыруу иштери жүргүзүлөт.

Белгиленгендей, асыл тукум малды көбөйтүүнүн эң жөнөкөй жолу – жасалма уруктандыруу. Бул ыкма, малдын тукумун, породасын жана сүт-эт берүүсүн жакшыртат.

Нарын облусунда малдын асылдуулугу жана аларды жасалма жол менен уруктандыруу иштери төмөнкү денгээлде болгондуктан бул иш Нарын облусунан старт берилүүдө.