Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. 2026-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстан боюнча 59 миң 754 баш бодо мал жасалма жол менен уруктандырылды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл облустук башкармалыгы маалымдады.
Анын ичинен Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 5 миң 575 баш бодо мал жасалма уруктандырылып, 293 төл алынды.
Учурда облуста малды жасалма уруктандыруучу 49 пункт иштеп жатат.
"Мал ээлерине мамлекет тарабынан асыл тукум малдын 7 миң 576 дозасы акысыз берилген. Уруктун өзү үчүн акы алынбайт, мал ээлери ветеринардын кызмат акысын гана төлөшөт. Жасалма уруктандыруу малдын тукумун жакшыртып, сапаттуу төл алууга жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган",-деп айтылат маалыматта.