Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жасалма жол менен уруктандыруунун артыкчылыктарын атады.
Ведомствонун маалыматына караганда, учурда Кыргызстандагы мал чарбасында сандан сапатка өтүүнү өнүктүрүү максатында бардык аймактар жасалма уруктандыруу жолу аркылуу малдардын асылдуулугу жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.
Жасалма уруктандыруу жолу аркылуу малдардын асылдуулугу жогорулап, эт-сүттүн өздүк наркы төмөндөп, натыйжада азык тулук коопсуздугу сакталат.
Жасалма жол менен уруктандыруунун артыкчылыктары:
- жасалма уруктандыруу ыкмасында буканын уругунун бир порциясы ондогон уйларды уруктандыра алат, ал эми табигый процессте бир гана уйду уруктандыра алат;
- фермер өз чарбасына өндүрүүчү буканы сатып алуунун кажети жок;
- эгерде жасалма уруктандыруунун натыйжасында үйүргө жакшыраак кунаажындар кошулса, анда фермер азыктуулугу төмөн уйларды жок кылууга жана үйүрдүн орточо азыктуулугун жакшыртууга мүмкүнчүлүк алат;
- кыска убакыттын ичинде жаныбарлардын азыктуулугун жогорулатат жана фермер каалаган багыттагы азыктуулугун тандап ала алат;
- үйүрдүн генофондун жаңыртуу мүмкүнчүлүктөрү бир топ кеңейет. Үйүр дени сак тукум менен толукталышы үчүн кымбат баалуу асыл тукум буканы сатып алуунун кажети жок – мында өндүргүчтүн уругун сатып алуу гана жетиштүү;
- жасалма уруктандырууда колдонулган уруктук материалдар текшерилген жана эпидемиялык жактан коркунучтуу эмес. Бул үйүрдө инфекциялардын жайылышын алдын алууга жана бодо малдын эпидемиясын жайылуусуна бөгөт коет;
- ферманын ээси пландуу уруктандырууну жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алат;
- асыл тукум букаларды багуу мындай жаныбарды сатып алуудан кем эмес кымбат иш. Жасалма уруктандырууну колдонууда бул чыгымдар болбойт;
- кысыр калган уйлар азаят;
- буканы багуу үчүн атайын кызматкерлерди жалдоонун кажети жок;
- бука үчүн өзүнчө жайдын жана өзүнчө жайыттын кереги жок.
Силос менен тоюттандыруунун артыкчылыктары:
- малдын азыктуулугу, айрыкча сүттүүлүгү жогорулайт, салмак бат кошулат;
- тоютка кеткен чыгым азаят;
- тоюттун жана мал чарба продукциясынын өздүк наркы төмөндөйт;
- мал жакшы тоюттанат жана бат сиңирилет;
- малды жыл бою кармап багууда-негизги тоют;
- кышкы тоюттандырууда эң арзан, сарамжалдуу тоют;
- силос менен тоюттандырууну толугу менен механизациялаштырса болот, бул эмгекке жана убакытка кеткен чыгымды сарамжалдайт;
- фермердин кирешесин көтөрөт анткени жүгөрүнүн составында протеин жана кээ бир витаминдер, айрыкча мал үчүн өтө зарыл болгон каротин көп болот.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республикада боюнча 264 жасалма уруктандыруу пункттары иш алып барууда.