Алгач үч министрликтин маалым каттары “Түндүк” тиркемеси аркылуу берилет - Жамангулов

Санарип Кыргызстан Загрузка... 31 Март 2025 18:08
WhatsApp Image 2025-03-31 at 15.02.01.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Өлкөдө биринчилерден болуп Билим берүү жана илим, Саламаттык сактоо жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрликтеринин жарандарга берилүүчү маалым каттарын “Түндүк” тиркемеси аркылуу алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, министрликтердин кызматтары тиркемеге киргизилгенден кийин жарандар маалым каттан баштап, зарыл болгон бардык документтерди онлайн ала алышат.

“Алгач ушул үч министрликтин бардык маалым каттары, зарыл болгон иш кагаздары санариптештирилип “Түндүк” тиркемесинде жеткиликтүү болот. Андан кийин кезеги менен бардык министрликтер камтылат. Бирок, бул кызматтарды киргизүү менен бирге “Түндүк” тиркемесинин инфраструктурасын жакшыртуу талап кылынууда. Канчалык көп кызматтар кошулган сайын серверди күчтөндүрүү керек. Болбосо тиркеменин иши жайлап, документ алуу кыйындамакчы”,- деди Жамангулов.

Министр маалымдагандай, бул багытта президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мекемеси тарабынан алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатат.

“Алдыда “Түндүк” тиркемесине жаңы сервистерди киргизүү каралууда. Мисалы, онлайн каттоо, паспортту онлайн алмаштыруу сыяктуу кызматтарды көрсөтүүдө тиркеменин серверине күч келет. Ошондуктан учурда серверди күчтөндүрүү иштери жүрүүдө. Бул иш-аракеттерди жүргүзүүдө көп деле каражат корогон жок. “Кызмат” мекемесинин штаты көбөйтүлүп, кызматкерлердин күнү-түнү иштөөсү менен “Түндүк” тиркемесине жаңы сервистер иштелип жатат”,- деди ал.

Маалым болгондой, “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында 180ден ашык сервис бар. Күнүгө порталга 100 миңден 130 миңге чейин жаран кирип, ар кандай кызматтарды алышат.