Алексей Оверчук “Достук” ордени менен сыйланды

Саясат Загрузка... 02 Апрель 2025 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргыз Республикасынын жогорку мамлекеттик сыйлыгы – “Достук” ордени менен сыйланды.

Сыйлык тапшыруу аземи бүгүн “Ынтымак Ордодо” өттү.

Анда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Алексей Оверчуктун кыргыз-орус кызматташтыгын чыңдоого кошкон жеке салымын белгиледи.

Өз кезегинде Алексей Оверчук мындай сый үчүн ыраазычылыгын айтты.

"Сиздерге чоң ыраазычылык билдирем, бул жогорку сыйлык мени абдан кубандырды. Бул орден биздин жалпы ийгиликтерибиздин таанылышы", - деди ал.

Ошондой эле Алексей Оверчук Кыргызстан ар дайым Россиянын ишенимдүү досу жана союздашы болуп келгендигине токтолуп, эки тараптуу байланыштар мындан ары да өнүгүп, чыңдаларына ишеним билдирди.