Алексей Нольфин менен акварель дүйнөсүнө саякат. Борбордо сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

Маданият Загрузка... 16 Июнь 2025 16:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Юлия Скоробогатова

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Бишкекте сүрөтчү, актер, акын жана педагог Алексей Нольфиндин жеке көргөзмөсү өтүп жатат. Көргөзмөнүн негизги темасы акварель пейзаждары болуп саналат, аны сүрөтчү өзүнүн жеке ачылышы жана жаратылыш менен терең баарлашуу жолу деп эсептейт.

Алексей Нольфин Чүй районунун Биринчи май айылында төрөлүп, көп жылдар бою Россияда жашап, театр, адабият жана педагогикада өзүн мыкты адис катары көрсөтүп келген.

Көргөзмөгө коюлган эмгектер Бишкектин айланасында – Кыргызстандын тоолорунда, өрөөндөрүндө, дарыялардын жана көлдөрдүн жээктеринде жаралган. Аларда жарык, аба жана назик лирикалык интонация сезилет. Автор академиялык живопистин классикалык салттарын биринчи таасирдин жандуулугу менен айкалыштырат.

Бүгүнкү күндө сүрөтчүнүн көпчүлүк сүрөттөрү Кыргызстан, Россия, Германия, Кытай жана Израилдин жеке коллекцияларында сакталып турат.

Көргөзмөгө күн сайын саат 10:00дөн 20:00гө чейин 23-июнга чейин барсаңыздар болот.

Маалыматты Акмарал Абдалиева, Бермет Жумабекова даярдады.