Чолпон-Ата, 26.06.25. /Кабар/. Кыргызстанда алдыда өтө турган парламенттик, президенттик шайлоолорду ачык-айкын жана мыйзам чегинде өткөрүүгө бардык шарттар түзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Ысык-Көл шайлоо форумунда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Анын айтымында, форумдун негизги максаты - өлкөнүн Конституциясында каралган жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана шайлоо процессинде заманбап технологияларды кеңири колдонуу ыкмаларын карап чыгуу.
“Бүгүнкү форумга 12 мамлекеттен коноктор келип катышууда. Алар менен өз ара шайлоо боюнча тажрыйба алмашып жатабыз. Бул келечектеги шайлоолорду ачык-айкын жана адилеттүү өткөрүүгө өбөлгө түзөт. Жакында эле жаңы мыйзам кабыл алдык. Бүгүн бул тууралуу да маалымат берип жатабыз. Кабыл алынган жаңы мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасы 30 шайлоо округуна бөлүнөт. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланат. Бул өз кезегинде өлкөнүн бардык аймактарынын өкүлчүлүгүн камсыз кылууга шарт түзөт.
Ошондой эле, жаңы шайлоо системасы киргизилип жатат. Ошону ишке ашыруу үчүн азыр жаңыланган программаларды иштеп чыгып жатабыз. Электрондук жана аралыктан добуш берүү ыкмалары киргизилди. Эми биздин жарандарыбыз кайсы жерде жүрбөсүн, каалаган шайлоо участкасына келип добуш берүүгө толук укуктуу. Буга чейин айрым тоскоолдуктар болгон. Азыр болсо жарандарыбыз жөн гана өздүгүн тастыктаган документ менен шайлоого катыша алышат,” — деди ал.
Шайназаров белгилегендей, алдыдагы шайлоолорду ачык-айкын жана мыйзам чегинде өткөрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы жана башка мамлекеттик органдар тарабынан максималдуу аракеттер көрүлүүдө.
“Негизги максатыбыз шайлоону ачык-айкын жана таза өткөрүү. Бул багытта ишти улантабыз жана сөзсүз түрдө бул максатка жетебиз,” — деди ал.