Алдыдагы кышка 3,4 млн тонна көмүр жана 45,5 миң тонна мазут керектелет

Коом 25 10 Август 2026 16:20
komur---komur-arama-ve-arastirma-hizmetleri.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын экономика тармактарын жана калкын 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү.

Отурумда алгач жылытуу мезгилине карата суу-энергетикалык абал жана отун-энергетикалык комплексинин даярдыгы жөнүндө Энергетика министрлигинин баяндамасы угулду. 

Белгиленгендей, отун менен камсыздоодо республика боюнча 2026-2027-жылга жалпы күйүүчү мазут – 45,5 миң тонна, көмүр – 3 408,5 миң тонна керектелет. Кампаларга графикке ылайык тийиштүү көлөмү жеткирилген, ошондой эле тендерлер өткөрүлүп келишимдер түзүлүүдө.