Алдыдагы “Айтышка” акындар тандалып алынды

Маданият Загрузка... 15 Январь 2026 18:18
WhatsApp Image 2026-01-15 at 18.10.02.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.01.26 /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында республикалык “Айтыш-2026га” акындар тандалып алынды. Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айтыш Кыргыз эл артисти Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүнө карата өткөрүлүп, байге фонду 2 млн сом деп мерчемделген.

Ал эми анын финалдык бөлүгү 17-январь күнү саат 18:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Тандоо турунан төмөндөгү акындар өтүштү:

  • Акматбек Султан уулу 59 упай
  • ⁠Аккыз Абасбекова 59 упай
  • ⁠Элмирбек Иманалиев 59 упай
  • ⁠Турат Жумаев 59 упай
  • ⁠Мундузбек Борончуев 58 упай
  • ⁠Баян Акматов 58 упай
  • ⁠Жылдызбек Төраканов 58 упай
  • ⁠Мамел Исраилов 57 упай
  • ⁠Бердибек Жолдошбеков 57 упай
  • ⁠Элмирбек Бейшеналиев 57 упай
  • ⁠Арген Биймырза уулу 57 упай
  • ⁠Темирбек Матыбаев 57 упай