Алай районунда сел жүрүп, 25 үйдүн короосун суу каптады

Кырсык Загрузка... 28 Апрель 2026 17:10
copyright icon ӨКМдин Ош облустук башкармалыгы

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Күн мурун Алай районунун Гүлчө шаарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кыска мөөнөттө кокту-колоттордон сел жүргөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын кесепетинен Абдиев көчөсүндө 11, Сатаров көчөсүндө 9, ошондой эле Курманжан датка айылында 5 турак үйдүн короосун суу каптаган.

"Учурда министрдин орун басары Искендер Сулайманов жана Ош облустук башкармалыгынын башчысы Эрлан Мусаев абалды тактоо жана байкоо жүргүзүү үчүн жеринде иш алып барышууда.

Ошондой эле селдин кесепеттерин жоюу иштерине тиешелүү кызматтардан жалпы 59 адам жана атайын техникалар тартылып, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок, абал туруктуу.