Аламүдүн – Кант багытындагы темир жол өтмөгү убактылуу жабылат

Коом 2 октябрь 2025 13:43
Аламүдүн – Кант багытындагы темир жол өтмөгү убактылуу жабылат

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Бүгүн саат 08:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн – Кант багытындагы темир жол өтмөгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, темир жол өтмөгү жолдо оңдоо иштерине байланыштуу жабылууда.

Каттам айланма жол - Заречная көчөсү аркылуу жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, өтмөк Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылыынын Маяковский көчөсүндө жайгашкан.